1. Аралашмасы, кошулганы жок, нагыз өзүнөн турган, таза, нукура. Кара башың карк алтын, хан Курманбек, аманбы («Курманбек»). Казынасын ачтырып, Карк алтынын чачтырып («Семетей»).
Мол, жетиштүү, кемчил эмес, кең-кесири. Карк кылган дейт жалгыз уйдун майына («Ала-Тоо»). Көп дүйнөгө жедигер, Көзү ачылбай карк болду («Сейтек»). Быйыл «Малай» артели кирешеге карк болуп, жылдык азыгын күрөп алды (Элебаев).
Каз, карга, каркыра сыяктуу канаттуулардын чыгарган дабышын туурап айтуу үчүн колдонулат. Бала кез, көктөм убак, жазгы баар, Асманда карк-карк этет каркыралар (Осмонов). Сүйгөнү канаттуудан ала карга, Карк этсе булбулум, дейт анда-санда (Шүкүрбеков).